Коом

Амангелдиев: Бишкек 2,5 миллиондук мегаполиске айланды

Taberik Newsroom 1 мүн окуу
Бишкекте чынында канча эл жашайт? Таштандыдан чыккан реалдуу статистика — Taberik
Демография & Инфраструктура Taberik Analytics
Шаардык инфраструктура

Бишкекте чынында канча эл жашайт? Таштандыдан чыккан реалдуу статистика

Энергетикадагы каатчылык, тыгындар жана инфраструктуранын көтөрө албай жатканы — Бишкекке ашыкча күч келип жатканынын белгиси. Бирок борбор калаада канча киши жашайт?

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, Бишкектин электр тармактары жана инфраструктурасы мурда 800 миң тургунга гана эсептелип курулган. Ал эми бүгүнкү күнү калаада жана анын айланасында 2,5 миллиондон ашык эл жашайт.

Кызыктуусу — бул сан жөн гана каттоодогу маалымат эмес. Министрлик шаардагы таштандынын морфологиялык көлөмүн (суткалык тоннажын) изилдеп чыгып, адамдын тиричилик калдыктарынын көлөмү аркылуу факты түрүндө жашап жаткан калктын санын аныктаган.

«Бишкек жана анын айланасындагы конуштар менен бирге күнүмдүк турмушта 2,5 миллиондук мегаполиске айланды. Натыйжада, совет мезгилинде 800 миң кишиге ылайыкташып салынган трансформаторлор менен кабелдерге 3 эсе көп жүк түшүүдө»

Дал ушул себептен улам шаарда жайкысын да, кышысын да тармактарга ашыкча күч келип, авариялык өчүүлөр орун алууда. Инфраструктураны жаңылабай туруп, энергетика маселесин түп тамырынан чечүү мүмкүн эмес.

Шилтеме көчүрүлдү!